Садыр Жапаров Грузия парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили менен жолукту

04.11.2026 | 16:26
Садыр Жапаров встретился с председателем парламента Грузии Шалвой Папуашвили — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 4-ноябрда, президент Садыр Жапаров Кыргызстанга расмий сапар менен келген Грузия парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили менен жолугушту. Тараптар парламенттер аралык дипломатияны өнүктүрүү, ошондой эле эки тараптуу жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер каралды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Садыр Жапаров Түштүк Кавказ өлкөлөрү, анын ичинде Грузия менен кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясатынын багытында артыкчылыктуу орунду ээлерин белгилеген.

Садыр Жапаров парламенттик тармактык комитеттердин, эл аралык иштер боюнча комитеттердин жана достук топторунун өз ара аракеттенүүсүн жандандыруу керектигин айткан. Ошондой эле ал транспорттук-логистикалык байланыштарды жана туризмди өнүктүрүүнү келечектүү багыттар катары белгилеген.

Өз кезегинде Шалва Папуашвили кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөлөр ортосундагы байланыштарды жана эл аралык парламенттик аянтчалардагы диалогду өнүктүрүү зарылдыгын билдирген.

Scroll to Top