Ош: Уркуя Салиева көчөсүн көрктөндүрүү теңдеп калды

Ош: Уркуя Салиева көчөсүн көрктөндүрүү теңдеп калды

Ош шаарындагы Уркуя Салиева көчөсүнүн 1 км аралыгын көрктөндүрүү жана жшылдандыруу иштери 40% жетти. Бул тууралуу “Акчабарга” Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн жетекчиси Алтынбек Пирматов билдирди.

Ош шаарындагы Уркуя Салиева көчөсүн көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине 2021-жылдын башында жериликтүү бюджеттен 87 миллион сом каражат бөлүнгөн. Долбоор боюнча Манас-Ата кичи районундагы 1 км жол тазаланып, балдар ойноочу аянтча курулуп, тратуарлар оңдолуп, кечки жарыктандыруу орнотулат.

“Көрктөндүрүү иштерине мурунку ХБК азыркы Манас-Ата кичи районундагы көп кабаттуу уйлөрдүн аралыгын тазалоо, тратуарларды оңдоо, ирригацияларды орнотуу кирет. Жеке аткаруучу компанияга буйрутманы Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы берген. Учурда шаардык мэрия тарабынан каражаттын 40 миллион сому бөлүндү”-деди Пирматов.

Иштер декабрь айынын соңуна бүтүрүлүшү керек.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>