Жогорку соттун төрагасы ишти создуктурган судьяларга катуу чара көрүлөрүн эскертти

04.11.2026 | 11:39
Глава Верховного суда пригрозил жесткими мерами судьям, затягивающим дела — Новости Кыргызстана

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев иштерди себепсиз жылдап кароону кийинкиге калтырган судьяларга карата катуу чаралар гана колдонуларын билдирди. Ал коллегиянын жыйынында Судьялар кеңештеринин төрагаларына жана сот жетекчилерине кайрылды.

«Жетекчилик кызматта отуруп, башкалардан талап кылуу жетишсиз. Судьяларды өзүңөр тандайсыңар, бирок көрсөткүчтөр төмөн», — деди Сатыев.

Жыйында айрым судьялар иштерди себепсиз жылдап кийинкиге калтырып жатканы белгиленди.

«Бул — жол берилгис жагдайлар. Мындай судьяларды кызматта кармабашыбыз керек. Сот системасы ичинен тазаланышы керек, өзүн-өзү тазалоо болушу зарыл. Канча реформа жүргүзүлүп, канча шарт түзүлдү, бирок кайда баратабыз? 120–130 ишти карап бүтө алышпайт. Мындан ары катуу чараларды гана колдонобуз, эч кандай жеңилдик күтпөгүлө», — деп билдирди Жогорку соттун төрагасы.

Scroll to Top