Ошто 11 жашар кызга сексуалдык аракеттерди жасаган киши кармалды

03.09.2020 | 13:55

Ошто 11 жашар кызга сексуалдык аракеттерди жасаган 30 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 1-сентябрь күнү  Ош шаарынын тургуну  арыз менен кайрылып, анда анын 2009-жылы туулган кызына карата, ушул эле күнү бир тууган иниси сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасагандыгын    билдирген. Окуя боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шектүү катары жабырлануучунун таякеси 1990-жылы туулган жаран кармалган.

Ага карата КР жазык кодексинин 164-беренеси (16-жашка толо элек жаран менен сексуалдык аракеттер) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып,  тергөө иштери башталган.

 Шектүү,  1990-жылы туулган жаран 2-сентябрда убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Жабырлануучуга карата тиешелүү экспертизалар  дайындалган.

Scroll to Top