Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга жумушчу сапар менен келди

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга жумушчу сапар менен келди. РФ башчысы ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына жана «ШКУ плюс» форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга катышат. Ошондой эле саммиттин алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөр, анын ичинде Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуу пландаштырылган.
Сапардын алкагында Россия лидери Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдөн кийин дароо эле Владимир Путин менен Нарендра Моди биргеликте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өтүп жаткан «Бишкек Арена» спорт комплексине келишти.
Россиянын президенти ШКУнун 25 жылдыгына арналган юбилейлик саммитке жана көчмөндөрдүн башкы спорттук мелдештерине катышуу үчүн Бишкекке келген чет мамлекеттердин делегация башчыларынын катарына кошулду.