Эксклюзив

«Баары ыкчам өнүгүүдө»: Марат Амираев Кыргызстандагы өзгөрүүлөр тууралуу

31.08.2026 | 20:16
«Баары ыкчам өнүгүүдө»: Марат Амираев Кыргызстандагы өзгөрүүлөр тууралуу — Новости Кыргызстана

Белгилүү кыргызстандык актёр жана режиссёр Марат Амираев Reporter.kg басылмасына «Бишкек-Арена», өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөр жана чет жакта Кыргызстанды кандай кабыл алышары тууралуу пикири менен бөлүштү.

Амираевдин пикиринде, «Бишкек-Аренанын» курулушу Кыргызстан үчүн спорттук жана башка дүйнөлүк деңгээлдеги масштабдуу иш-чараларды өткөрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Анын айтымында, жаңы стадион спорттук объект катары гана эмес, ири эл аралык иш-чараларды өткөрө турган аянтча катары да чоң мааниге ээ.

«Менимче, биз албан иш жасадык. Бул чындык! „Бишкек-Арена“ — Борбор Азиядагы эң ири стадион. Бул жөн эле стадион эмес, адамдардын башын бириктире турган жай. Бул иш-чаралардын башка деңгээли, спорттун башка деңгээли — дүйнөлүк деңгээл. Ал эми дүйнөлүк деңгээл — акыркы 35 жылдан бери биз кыялданып келген нерсе», — деди Амираев.

Эми Кыргызстан үчүн дүйнөлүк деңгээлге дал келүү маанилүү экенин ал баса белгиледи.

«Биз кыйынбыз, боорукербиз, кайрымдуубуз, өтө ак көңүлбүз. Бул чыныгы адамгерчиликтүү сапаттар деп ойлойм. Ал эми азыр дүйнөлүк деңгээлге чыгып жатканыбыз — мыйзам ченемдүү көрүнүш, буга эбак эле убакыт келген. Мен болгону баарыбыз ушул деңгээлге татыктуу болушубузду каалайм», — деди актёр.

Reporter.kg басылмасынын бүгүнкү күндө Кыргызстандын өнүгүүсүн кандай баалайсыз деген суроосуна жооп берип жатып, Амираев өзгөрүүлөрдү байкап жатканын айтты.

«Баары ыкчам өсүүдө. Билесизби, бул күчүктүн чоңойгону сыяктуу: адегенде мурду чоңоёт, анан арткы буттары, андан соң алдыңкы буттары. Бир караганда келишпегендей көрүнөт, бирок убакыттын өтүшү менен баары ордуна келет. Бизде деле ошондой: баары абдан интенсивдүү өнүгүп жатат. Кайсы бир жерден бир нерсе туура эместей сезилиши мүмкүн, бирок бул өсүүдөгү көйгөйлөр деп ойлойм», — деди режиссёр.

Анын баамында, тез өзгөрүүлөрдүн фонунда жаралып жаткан кыйынчылыктар өлкөнүн өнүгүү процессинин бир бөлүгү болуп саналат.

Ошондой эле Амираев өз байкоолоруна таянып, коңшу өлкөлөрдө Кыргызстанды кандай кабыл алышарын айтып берди. Тактап айтканда, актёр көп каттаган Казакстан тууралуу сөз болду.

«Алар бизди өтө демократиялуу, эркиндикти сүйгөн элбиз деп эсептешет. Албетте, чоң өзгөрүүлөр бар. Биздин өлкөнүн бажы жана саясий жагынан, кандай десем, көптөгөн артыкчылыктары (привилегиялары) бар. Биз эркин сүйлөй алабыз, мунун өзү да көп нерсени билдирет. Бул эмнени өзгөртөрүн билбейм, бирок эң негизгиси — биздин колубуздан бул нерсе келет», — деди ал.

Амираевдин айтымында, Кыргызстанда болуп жаткан өзгөрүүлөр өлкө ичинде гана эмес, анын чегинен тышкары да байкалууда.

Анара Мамытова

Scroll to Top