Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Эксклюзив
Өмүрбек Бабанов президенттикке талапкерлигин коёр-койбосу тууралуу айтты — видео
31.08.2026 | 18:44

Белгилүү кыргызстандык саясатчы жана ишкер Өмүрбек Бабанов алдыдагы Кыргызстандын президентин шайлоодо талапкерлигин коюуга ниеттенбейт. Бул тууралуу ал Reporter.kg басылмасынын кабарчысына өзүнүн талапкерлигин коюшу мүмкүнбү деген суроого жооп берип жатып билдирди.
«Жок, анткени маселе кайсы бир жерге талапкер болууда эмес. Эң негизгиси өлкөгө жардам берип, аны өзгөртүүдө», — деди ал.
Бабановдун айтымында, ал саясий карьерасын жыйынтыктаган жана учурда бизнес менен алектенип жатат.
«Мен саясий карьерамды жыйынтыктадым. Азыр мен бизнес менен алектенип жатам. Менин MBANK менен алектенип жатканымды баары билет, жана мен элибизге дал ушул технология жаатында жардам бергим келет, бизде технологиялык компаниялар көп болсо дейм. MBANKтын айланасында чоң экосистема өсүп жатат. Бул биздин Кыргызстанга кошкон чоң салымыбыз», — деп кошумчалады Бабанов.
Ал саясатка кайтып келбей, технологиялык багытты жана бизнести өнүктүрүүнүн үстүндө иштөөнү улантууга ниеттенип жатканын баса белгиледи.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтө.
Анара Мамытова