Кыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалдыBinance’тагы хакердик чабуулдан кийин жарандарга коопсуздук чараларын күчөтүү сунушталдыБир нече айга гана жетти: Айтматов — Толстой көчөлөрүндөгү жаңыланган каптама түшүп жатат
UFC чемпиону жана ДКОнун амбассадору Валентина Шевченко Бишкекке келди
28.08.2026 | 09:57

UFCнин учурдагы чемпиону Валентина Шевченко VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн 28-август күнү эртең менен Бишкекке учуп келди. Спортчуну «Манас» эл аралык аэропортунан тосуп алышты. Ал Кыргызстанга VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий амбассадору (элчиси) макамында келди.
Уюштуруучулар билдиргендей, Шевченко өлкөдө Оюндардын бүткүл жүрүшүндө — ачылыш аземинен тартып мелдештер аяктаганга чейин калат. Амбассадор катары UFC чемпиону Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына катышат.

Валентина Шевченко — эң жеңил салмактагы UFCнин учурдагы чемпиону, ошондой эле тай боксу жана кикбоксинг боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиону.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт.
Reporter.kg — VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маалыматтык өнөктөшү.