Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
ДКОнун ачылышында «Бишкек-Аренага» 30 миңге жакын көрүүчү чогулду — сүрөт
31.08.2026 | 19:36

Бүгүн, 31-августта, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылыш аземи өтө турган «Бишкек-Арена» стадионуна 30 миңге жакын көрүүчү чогулду.


Негизги программа башталардын алдында көрүүчүлөр үчүн кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда майрамдык концерт уюштурулду. Артисттер «Бишкек-Аренанын» сахнасында музыкалык номерлерин аткарып жатышат.

Концерт кеченин башкы салтанатынын алдында өтүүдө.


VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылыш программасына улуттук каада-салттарды, маданиятты жана заманбап искусствону айкалыштырган масштабдуу шоу кирет.

Салтанат көчмөн элдердин маданий мурасын сактоого жана жайылтууга арналган Оюндардын расмий башталышы болот.


VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтүүдө. Бишкектеги ачылыш аземинен кийин негизги иш-чаралар жана мелдештер Ысык-Көлдө уланат.
Reporter.kg — Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий маалымат өнөктөшү.