«Бул чындап эле деңгээл»: орусиялык блогер Таластын өзгөргөнүн жогору бааладыКыргызстанда бир эле учурда 61 өнөр жай ишканасы ишке киргизилдиЖалал-Абад облусунда 57 млн тонна көмүр кору бар кен ачылдыБишкекте бир катар уурулуктарга шектүүлөр кармалды — жети учур аныкталдыБекешев: Акчаңызды эч ким көбөйтүп бербейт — алар аны тартып алууну гана көздөшөтОкуу 15-сентябрдан башталат: Бишкек мэриясы окуучулардын ата-энелерине кайрылды
Ошто 21 жаштагы кыз инспектордун колун тиштеп алды. Себеби айтылды
06.05.2022 | 18:52
Ошто 21 жаштагы кыз урушуп, Патрулдук кызматтын инспекторунун колун тиштеп алган. Бул тууралуу түштүк борбордун Патрулдук милиция кызматынын басма сөз борбору билдирди.
Окуя 5-майда болгон. Саат 11:00дөр чамасында таксист милицияга кайрылган. Ал колунда бир жашар баласы бар мас жүргүнчү унаадан чыкпай койгонуна нааразы болгон.
«Патрульдук милиция кызматкери жардам берүүгө аракет кылган. Кыз унаанын эшигин тээп, айнекти сындырып, орой сөздөрдү айткан. Ал инспектордун көкүрөгүндөгү камераны жулуп алып, колун тиштеп алган», – деп айтылат Патрулдук милициянын билдирүүсүндө.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом