Өкмөт башчы кыргызстандыктарды Жаштар күнү менен куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кыргызстандык жаштарды 10-ноябрь — Жаштар күнү менен куттуктады. Бул күн 2002-жылы өкмөттүн токтому менен жыл сайын майрамдалуучу күн катары бекитилген.
«Өлкөбүздө 14 жаштан 35 жашка чейинки жаштар калктын жарымына жакынын түзөт. Жаштык деп аталган ушул курактагы аракеттер ар бир адамдын жана ал жашаган коомдун тагдырына, келечегине олуттуу таасирин тийгизет. Жаштардын билими канчалык терең болсо, кесипти канчалык эрте жана туура тандап алып, өз өнөрүнүн чебери, дасыккан кесипкөй болсо, анын аброю, өз элине кошкон салымы ошончолук жогору болот»- деди Касымалиев өз куттуктоосунда.
Адылбек Касымалиев жаштарды колдоо боюнча мамлекеттик программаларга токтолду. Анын айтымында, 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында жана Жаштар саясатынын 2025–2030-жылдарга карата планында санариптештирүү, жумуш менен камсыздоо жана жарандык демилгелерди колдоо багыттары каралган. Ошондой эле «Жаш ишкер» долбоору, ШКУнун жаштарынын санариптик форуму, киберспорт жана жогорку технологиялар чөйрөсүнө жаштарды тартуу чаралары жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Куттуктоонун аягында Минкаб төрагасы жаштарга кесиптик ийгиликтерди жана өнүгүүнү каалады.
«Ар бириңер өз ордуңарды таап, тандаган кесибиңерде ийгиликтерге жетип, үй-бүлөңөрдүн бакубаттуулугуна, туулуп-өскөн жериңердин өнүгүшүнө жана Кыргызстандын гүлдөп-өсүшүнө татыктуу салым кошкула. Баарыңарга чың ден соолук, бакубат жашоо, түгөнбөс дем-күч, жетишкендиктерди жана келечекке болгон бекем ишенимди каалайм!»-деди ал.