Ошто 2 «Айфон» сатып алган жаран сатуучуга жасалма доллар карматып кетип калган

Ошто 2 «Айфон» сатып алган жаран сатуучуга жасалма доллар карматып кетип калган

Ош облусунда жасалма акча тараткан жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 26-июнда милицияга Кара-Суу шаарынын 18 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, 11-июнда белгисиз жаран 1,4 миң долларга 2 даана «Айфон 14 про» телефонун сатып алган. Бирок ал акча жасалма болуп чыккан.

Аталган факт каттоого алынып, 1,4 миң доллар акча экспертизага жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгы менен долларлар түстүү принтерден чыгарылганы аныкталган. Ага байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин «жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Бул иш боюнча шектүү катары 30 жаштагы Р.А. жана 32 жаштагы Б.Б. уулу аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

Милиция шектүүлөрдөн жабыр тарткандар болсо, Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына кайрылыңыздар.

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>