Ошто милиция бир катар жаранга сыйлыктарды тапшырды

Ошто милиция бир катар жаранга сыйлыктарды тапшырды

Ош облустук милициясы бир катар жаранга жана кызматкерлерге кызматташтыгы үчүн сыйлык жана белектерди тапшырды.

Облустук милициядан билдиришкендей, ички иштер органдары менен жигердүү кызматташкандыгы, кыргыз милициясынын жана спорттун өсүп-өнүгүшүнө, коомдук коопсуздукту сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө, агартуу иштерине, жаштарды мекенчилдикке тарбиялоодо кошкон зор салымдары үчүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, ардагерлер, мугалимдер, машыктыруучулар, Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борборунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча жетекчиси, спортчу кызматкерлер  жана алардын энелери ИИМдин “Ардак», “Колдоо көрсөткөндүгү үчүн”, “Кадырлуу ардагер”, “Мээримдүү айым” медалдары жана спорттук кийимдер менен сыйланышты.

Иш-чарада облустук милициянын башчысы Жеңишбек Жоробеков сыйлык ээлерин Жаңы жыл майрамы менен куттуктаган.

“Коомдук коопсуздукту камсыздоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө, ошол эле убакта спорт жаатында чеберчиликти көрсөтүп, ийгилик жаратуу — бул өтө чоң жетишкендик. Жыл ичинде Сиздер жетишкен көрсөткүчтөрдүн артында өтө чоң эрктүүлүк, кесипкөйлүк жана мекенчилдик жатат. Албетте Сиздер жараткан  ийгиликтер  спортчулардын чеберчилигин, ынтымагын  жана баарыбыздын биримдикте көргөн аракетибиздин акыбетин айгинелеп турат” — деди ал.

Өз кезегинде сыйлык ээлери ыраазычылыктарын билдиришип, мындан ары да кызматташууга даярдыгын билдиришкен.

2023-жылы Ош облустук милициянын курама командасы волейбол, футбол, күрөш, самбо, таш көтөрүү, аркан тартыш, ордо, ок атуу, чуркоо боюнча республикалык мелдештерде ийгилик жаратып, байгелүү орундарга ээ болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>