МСК кыйыр салыктар боюнча отчетту автоматтык текшерүү функциясын киргиздиАламүдүн районунда 70,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылдыБалдарды мите курттардан кантип коргоо керек: Бишкектеги адистердин сунуштарыНарын облусундагы кен казуучу компаниялар суу үчүн 1,2 миллион сом төлөштүБишкекте кыргыз театрынын тарыхы тууралуу 2 томдук китептин бет ачары өттүЧет өлкөгө жумушка жөнөткөн агенттиктер: кимдер уруксат алды, кимдерге баш тартылды?
Бишкекте кыргыз театрынын тарыхы тууралуу 2 томдук китептин бет ачары өттү
02.11.2026 | 15:34

Бүгүн, 2-ноябрда, Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинде «Кылым карыткан кыргыз театры» аттуу эки томдук китебинин бет ачары өттү. Китеп кыргыз профессионал театрынын 100 жылдыгына карата басылып чыккан. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Иш-чарага маданият министринин орун басары Айбек Дайырбеков, театр ишмерлери, окумуштуулар жана маданият тармагынын өкүлдөрү катышты.
Эки томдук китепте кыргыз театрынын түптөлүү тарыхы, баскычтары, ошондой эле улуттук театр өнөрүнө салым кошкон адамдардын өмүрү жана чыгармачылык жолу баяндалат.
Министрлик басылма кыргыз театр искусствосунун тарыхын изилдөөдө жана келечек муунга жеткирүүдө маанилүү булак болуп саналарын кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият