Баткенде аяз атага кат жазган балдарга белектер берилди

Баткенде аяз атага кат жазган балдарга белектер берилди

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, аяз атага, президент Садыр Жапаровго жана облус башчысына кат жазган балдарга белектерди тапшырды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара Апаз Жайнаков атындагы облустук музыкалык драма театрында өтүп, алгач балдарга КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мансур Парпиевдин режиссерлугу менен даярдалган “Достук менен ынтымактын жеңиши” аталышындагы жаңы жылдык жомок тартууланган.

Андан соң облус башчысы балдарга жаңы жылдык куттуктоосун айткан.

“Жаңы жыл — жакшы маанайды, өзгөчө сезимдерди тартуулаган майрам. Мына ушул баарыбыз сүйгөн Жаңы жыл майрамын утурлап, силер менен жолугуп отурганыма аябай кубанычтамын. Силер биздин Баткен облусунун эле эмес, жалпы Кыргызстандын келечеги жана зор үмүтү болосуңар. Силер татыктуу билим алууга, сак саламатта болууга, бардар жашоодо жашап чоңоюуга, бактылуу болууга татыктуусуңар.

Биз силердин жаркын келечегиңер үчүн болгон күч-аракетти, мүмкүнчүлүктү пайдаланып иштейбиз. Жаңы жыл ар бир баланын таттуу кыялын орундатсын”, -деп Алимбаев балдарга кең келечек каалаган.

Белгилей кетсек, аяз атага, президентке, облус башчысынын дарегине Баткен облусунан 200гө жакын бала кат жазган.

“Алардын ичинен кичинекей Даниелдин каты өзгөчө кат деп табылды. Ал аяз атадан Жаңы жылды ата-энеси менен тосууну суранган. Анын ата-энеси Орусияда эмгектенип жүргөн. Учурда чоң энесинин колунда тарбияланууда”, — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>