Орусия менен Европанын ортосунда согуш чыкса, жеңүүчүлөр болбойт — Путин

Орусия менен Европанын ортосунда согуштук чыр-чатак чыккан учурда жеңүүчүлөр болбойт. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин Москвада өткөн «Орусия — Африка» форумунун жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдирди.
Орусия мамлекетинин башчысы европалык саясатчылардын 2030-жылга карата Орусия менен болушу ыктымал согушка даярдануу зарылдыгы тууралуу билдирүүлөрүнө комментарий берди.
«Көпчүлүк 2030-жылга чейин согушка даярдануу керекпи, туурабы же жокпу, ошол тууралуу гана кеп кылып жатышат. Биз, биринчиден, даярбыз. Бирок биз Европа менен эч кандай согушту каалабайбыз. Алар болсо, эгер кимдир бирөө каалап жатса — даярдана беришсин», — деди Путин.
Анын айтымында, Батыш өлкөлөрү Орусияны стратегиялык жеңилүүгө учурата алышкан жок жана 2030-жылга карата да муну ишке ашыра алышы күмөн.
«Ал эми иш өтө эле чектен чыгып кетсе — жеңүүчүлөр такыр болбойт. Муну эч ким унутпасын», — деп эскертти Орусиянын президенти.