Президент көп бала төрөгөн энелерге 2 млн сомго чейинки «сүйүнчү» качан төлөнө баштарын айтты

Президент көп бала төрөгөн энелерге 2 млн сомго чейинки «сүйүнчү» качан төлөнө баштарын айтты

Президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда көп бала төрөгөн энерелерге убадаланган 100 миң сомдон 2 млн сомго чейинки «сүйүнчү» 2026-жылдан тарта бериле баштай турганын билдирди.

Жапаров мамлекеттик коопсуздук менен туруктуулукту чыңдоо калктын санына түздөн-түз байланыштуу экенин айтып, калктын саны өспөсө, анда келечекте мамлекеттин экономикалык активдүүлүгү төмөндөйт, социалдык системалар оорлошот жана өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу сыяктуу олуттуу кыйынчылыктар келип чыгарын айтты.

Ал Кыргызстан улгайып бара жаткан өлкөлөрдүн катарына кирип бара жатканын билдирип, ошондуктан мамлекет көп балалуу үй-бүлөлөрдүн санынын өсүшү үчүн аракет көрөрүн айтты.

«2026-жылдын 1-январынан тартып өлкөнүн бийик тоолуу жана алыскы аймактарында туруктуу жашаган көп балалуу энелерге финансылык төлөмдөрдү беруу пландаштырылууда. Алсак: төртүнчү балага –100 миң сом, бешинчиге – 600 миң сом, жетинчиге – 1 миллион сом, сегизинчиге – 1 миллион 200 миң сом, тогузунчу балага –1 миллион 500 миң сом жана онунчу жана андан көп балага – 2 миллион сом берилет.

Мындай көп балалуу болгондорду колдоо – келечекте Кыргызстандын бакубаттуулугуна болгон инвестиция болуп калмакчы», — деди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>