Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медициналык жардам көрсөтүүчү пункттар уюштурулат

25.08.2026 | 17:55
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медициналык жардам көрсөтүүчү пункттар уюштурулат — Новости Кыргызстана

1-сентябрдан 6-сентябрга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүүчү негизги жайларда катышуучуларга жана конокторго медициналык жардам көрсөтө турган бир нече пункт уюштурулат.

Медициналык топтор төмөнкү аймактарда жайгашкан пунктарда кызмат көрсөтөт:

  • Өрнөк айылындагы Көчмөндөр цивилизациясы музейи;
  • «Рух Ордо» комплекси;
  • Чолпон-Атадагы ипподром жана Дене тарбия, ден соолукту чыңдоо комплекси;
  • «Дордой Номад» амфитеатры;
  • Кырчын капчыгайы.

Ал эми эң ири медициналык камсыздоо борбору Кырчын капчыгайында жайгаштырылат. Анткени аталган аймакка 100 миңге чейин коноктун келиши күтүлүүдө.

Уюштуруучулар жарандарды жана конокторду ден соолугу начарлаган учурда токтоосуз түрдө жакын жердеги медицина кызматкерлерине кайрылууга чакырды.

Reporter.kg редакциясы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маалыматтык өнөктөшү болуп саналат. Өнөктөштүктүн алкагында басылма Оюндарга даярдык көрүү жана анын өтүү жүрүшүн чагылдырат, мелдештер, маданий программалар жана башка иш-чаралар тууралуу жаңылыктарды жарыялайт.

Scroll to Top