Президент: Кыргызстаныбыздын эл аралык аброюн бекемдедик

Президент: Кыргызстаныбыздын эл аралык аброюн бекемдедик

2019-жылы калкка кызмат көрсөткөн баардык мамлекеттик органдарды санариптештирүү башталды. Кемчиликтер дагы да арбын. Бул тууралуу өлкө башчысынын жаңы жылдык куттуктоосунда айтылат.

Ошондой эле Жээнбеков  Бишкек шаары өтүп бараткан жылы дүйнөлүк маанидеги иш чаралардын борбору болгонун белгилеп өттү. 

«Өтүп бараткан жылда, сиздердин колдооңуздар менен өлкөбүздө бир катар алгылыктуу иштер аткарылды.

Кыргызстаныбыздын эл аралык аброюн бекемдедик. Эки жыл бою аймактарга астейдил көңүл бурдук. Айыл турмушундагы өзгөрүүлөрдү элеттиктер сезгенде гана максатыбызга жеттик десек болот.  Ошондуктан, бул багыттагы иштер 2020-жылы да уланат», — деп жазылат өлкө башчысынын куттуктоосунда. 

Мамлекет башчысы ошондой эле жаңырган жылы санариптештирүүнү улантыларын эске салган. 

Мындан сырткары президент балдарга көңүл бөлүнүүнү, анын ичинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим жана кароосуз калган балдарга камкордук көрүшүү керек экенин кошумчалаган.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>