Юристтин ордуна жасалма интеллект? КУУнун студенти «Мыйзамчы» укуктук жардамчысын кантип түздү

Жасалма интеллект соттогу талашты жеңүүгө жардам берип, адвокаттын ордун баса алабы? КУУнун студенти Жаныбек Асиров Кыргызстандын мыйзамдарын жакшы түшүнгөн жана соттук чечимдерди табууга көмөктөшкөн «Мыйзамчы» аттуу ЖИ-жардамчысын иштеп чыкты. Ал сервис сунуштаган мүмкүнчүлүктөр жана анын чектөөлөрү тууралуу Reporter.kg сайтына берген маегинде айтып берди.
— Жаныбек, долбооруңуз жөнүндө айтып берсеңиз. «Мыйзамчы» өзү эмне болгон сервис?
— «Мыйзамчы» — бул укуктук ЖИ-ассистент (жасалма интеллект жардамчысы). Башында мен аны кесипкөйлөр: юристтер, адвокаттар жана укук тармагында иштеген башка адистер үчүн көмөкчү катары түзгөм. Бирок азыр сервисти юридикалык факультеттердин студенттери да, жөнөкөй жарандар да активдүү колдонуп жатканын байкап жатам. Мен өзүм да юристтикке окуп жатам.
— «Мыйзамчы» деген сөз эмнени билдирет?
— Бул байыркы кыргыз сөзү. Сөзмө-сөз которгондо «мыйзамды тутунган адам», ал эми жөнөкөй тил менен айтканда — «юрист» дегенди билдирет.
— Платформа качантан бери иштеп жатат?
— Платформа толук кандуу режимде үстүбүздөгү жылдын 28-июлунан бери иштеп келет. Азыр аны бир жарым миңден ашуун адам колдонууда. Күн сайын биздин маалымат базабызга жана ЖИ-агенттин өзүнө миңден ашык суроо-талап келип түшөт.
— Сиз юристтикке окуп жатасыз. Кыргызстандын укук системасына жасалма интеллектке негизделген мындай жардамчы керек экенин кайсы учурда түшүндүңүз?
— Мен сот системасы эле эмес, Кыргызстандын бүтүндөй юридикалык тармагы мындай технологияларга муктаж экенин юридикалык факультетке тапшырганга чейин эле түшүнгөм.
Атам — 30 жылдан ашуун тажрыйбасы бар юрист, ошондуктан бул тармак менен мурдатан эле тааныш болчумун. Өзүмдүн негизги жумушумда да соттук териштирүүлөргө катышууга, мамлекеттик органдарга каттарды даярдоого көмөктөшүүгө жана юридикалык документтер менен иштөөгө туура келчү.
Бир жолу мен өзүм да бир көйгөйгө туш болдум: ChatGPT’ни колдонуп, бирок алынган маалыматты текшербей коюп, жыйынтыгында ката кетирдим. Ошондо мага так Кыргызстандын мыйзамдарын мыкты түшүнгөн жана биздин жергиликтүү мыйзамдарды билген жардамчы түзүү идеясы келген.
— «Мыйзамчыны» кимдер колдоно алышат? Сот системасынын адистери ганабы же жөнөкөй жарандар дагыбы?
— Мен колдонуучулардын чөйрөсүн чектебейм. Азыр бул сервисти юристтер, адвокаттар, юридикалык факультеттердин студенттери жана жөнөкөй жарандар колдонуп жатышат.
— Сиздин жардамчыңыз эмнелерди жасай алат? Ага көбүнчө кандай суроо-талаптар менен кайрылышат?
— Тилекке каршы, колдонуучулардын өздөрүнүн суроо-талаптарын мен көрө албайм, бирок аларды изилдеп көрүү мага кызык болмок. Мен адамдарга эмне жагып жатканын жана эмнени жакшыртуу керектигин түшүнүү үчүн оң жана терс пикирлерди гана көрө алам.
Менимче, эң көп талап кылынган суроолордун бири — соттук практиканы издөө.
Алты айдан ашык убакыт бою мен Кыргыз Республикасынын соттук актыларын чогулттум. Жыйынтыгында 200 миңден ашуун документти топтоп, аларды индекстеп, вектордук маалымат базасына жүктөй алдык.
Издөө ачкыч сөздөр аркылуу жүргүзүлгөн кадимки базадан айырмаланып, вектордук база маалыматты тексттин маанисине жараша издөөгө мүмкүндүк берет. Бул иштердин конкреттүү категориялары боюнча соттук чечимдерди издөөдө өзгөчө маанилүү.
— Колдонуучу суроо-талап жөнөткөндөн кийин «Мыйзамчы» кандайча иштейт?
— Сервистин техникалык түзүлүшүн толугу менен ачыктабайм. Бирок «Мыйзамчы» — бул ChatGPT аркылуу көбү көнүп калган жөнөкөй чат-бот эмес экенин түшүнүү маанилүү.
Бул, образдуу айтканда, колу-буту бар ЖИ-агент. Анын колу-буту — бул инструменттер. Ал булакты ачып, маалыматты изилдеп, анын жетишсиз экенин түшүнүп, андан кийин башка булакка кайрылып, издөөнү уланта алат.
Суроо-талап келип түшкөндө, система адегенде анын контекстин аныктайт: сөз кайсы укуктук маселе жөнүндө болуп жатат, кайсы булактарды колдонуу керек, маалыматты ченемдик укуктук актылардан издөө керекпи же соттук практикаданбы.
Анын үстүнө «Мыйзамчы» — бир эле агент эмес, бул бир бүтүн мультиагенттик система.
Башкы агент бар, ага башка, бир кыйла кууш адистешкен агенттер жардам берет. Бири мыйзам ченемдерин табат, экинчиси соттук практиканы текшерет, үчүнчүсү мөөнөттөрдү жана башка деталдарды тактайт.
Анткени юриспруденция — бул мыйзамдарды билүү гана эмес. Бул көптөгөн багыттары жана эске алынышы керек болгон өзгөчөлүктөрү бар абдан кенен тармак.
— Соттук тажрыйбада же күнүмдүк юридикалык иште ЖИни колдонууга мисал келтире аласызбы?
— Мен өзүм да негизги жумушум боюнча соттук териштирүүлөргө катышам. Азыр бизде, тилекке каршы, штаттык юрист жок, ошондуктан анын милдеттеринин бир бөлүгүн мен аткарам.
Сервисти колдонуунун эң кеңири таралган түрлөрүнүн бири — конкреттүү талаштар боюнча соттук практиканы издөө. Мисалы, кинолордо адвокат сотко кайрылып, сот ишти карап жатканда эске алышы үчүн ушул сыяктуу талаш боюнча чыгарылган чечимди иштин материалдарына кошууну өтүнгөнүн көп көрсөтүшөт.
Мурда бизде мындай мүмкүнчүлүк дээрлик жок болчу, эми болсо ушундай чечимдерди издей алабыз.
Дагы бир талап кылынган багыт — процессуалдык документтерди: доо арыздарды, дооматтарды жана башка материалдарды даярдоо, ошондой эле керектүү укуктук ченемдерди издөө.
Юристтер адатта белгилүү бир багыттар боюнча адистешишет. Кээ бирлери үй-бүлөлүк укук менен, айрымдары корпоративдик, салык же интеллектуалдык менчик укугу менен алектенишет.
Менин оюмча, мыйзамдардын бардык беренелерин жана ченемдерин жатка билүү мүмкүн эмес. Ал эми биздин сервис адистерге укуктун ар кандай тармактарында багыт алууга жардам берет.
— «Мыйзамчы» жөнөкөй адамга сотко өз алдынча даярданууга жана адвокатсыз эле өз кызыкчылыгын коргоого жардам бере алат деп айтууга болобу?
— Ооба, шексиз. Бирок көп нерсе адамдын өзүнөн көз каранды: ал мыйзамды канчалык жакшы түшүнөт жана алынган маалыматты туура колдоно алабы.
Менин мисалымды алалы. Мен кесипкөй юрист же программист эмесмин, бирок жасалма интеллекттин негизинде сервис түзүп, эми аны соттук териштирүүлөргө катышууда да колдонуп жатам.
Башында мен аны баарынан мурда өзүм үчүн иштеп чыккам.
— Демек, сиз платформаны программисттер командасы жок, өз алдынча түздүңүзбү?
— Ооба, мен аны жалгыз түздүм. Бактыга жараша, жасалма интеллекттин заманбап мүмкүнчүлүктөрү мындай ири жана техникалык жактан татаал долбоорлорду да өз алдынча иштеп чыгууга шарт түзөт.
Албетте, түзүү процессинде мен көп нерсени үйрөндүм. Эми бир аз программист, бир аз юрист болуп калдым деп айта алам. Азыр укук менен технологиянын тогошкон жеринде — бир эле учурда юриспруденция жана программалоо багытында өнүгүүнү каалайм.
— «Мыйзамчы» — бул тиркемеби же интернет-платформабы? Жана анын канча активдүү колдонуучусу бар?
— Азыркы учурда бул интернет-платформа, кадимки веб-сайт. Статистикага таянсак, күн сайын платформага 100гө жакын активдүү колдонуучу кирет.
Бирок юридикалык жардам күн сайын керек боло бербейт. Адамдар белгилүү бир суроо жаралган сайын, бир нече күндө бир сервисге кайрылышы мүмкүн.
Жалпысынан катталган бир жарым миң колдонуучунун ичинен миңге жакынын активдүү деп айтууга болот.
— Долбооруңузду ким колдоп, аны андан ары өнүктүрүүгө кимдер жардам берип жатат?
— LegalTech жамааты бар — бул мен азыр өнүгүп жаткан багыт. Тилекке каршы, кеп Кыргызстандын эмес, Орусиядагы кесиптештер түзгөн КМШ өлкөлөрүнүн адистеринин жамааты жөнүндө болуп жатат.
Ал жакта юридикалык тармак үчүн ушул сыяктуу куралдарды жасаган көптөгөн иштеп чыгуучулар бар. Биз байланышта болуп, баарлашып, тажрыйба алмашып турабыз.
— «Мыйзамчы» соттук иште маанилүү роль ойногон конкреттүү учурлар барбы? Мисалы, сизге курсташтарыңыз же башка колдонуучулар жардам сурап кайрылышабы?
— Азыр конкреттүү бир соттук ишти атай албайм. Бирок адамдар платформаны активдүү колдонуп жатышат: күн сайын миңден ашуун суроо-талап түшөт.
Андан тышкары, мага жеке өзүмө да көп адамдар жазышат. Алар кесипкөй юристтер эмес, катардагы жарандар. Мен колумдан келишинче, анын ичинде жасалма интеллектти колдонуу менен аларга жардам берүүгө аракет кылам.
Күнүнө мага жүзгө жакын адам жазат. Бош убактымда, адатта түштөн кийин кечке чейин билдирүүлөргө жооп берип, колумдан келген жардамымды аябайм.
— Сиз муну бекер кыласызбы?
— Ооба. Ар бир адамда адилеттүүлүк сезими бар деп ойлойм. Менде да ал бар. Азыр юридикалык факультетте окуп жүрүп, көптөгөн адилетсиздиктерди көрүп жатам. Ошондуктан адилеттүү Кыргызстандын түптөлүшүнө өз салымымды кошкум келет.
— Сиздин иштеп чыккан куралыңыз адамга оор кырдаалды түшүнүүгө жана акыйкаттыкка жетүүгө жардам берген акыркы учур жөнүндө айтып берсеңиз.
— Жакында эле мага ипотекага байланышкан акчалай төлөмдөр боюнча талашы жаралган бир адам кайрылды.
Ал узак убакыт бою компенсация алып келген, бирок кийин жаңы мыйзам чыгып, ага ылайык, жер тилкеси же башка кыймылсыз мүлкү бар болгон учурда мындай төлөмдөр берилбей турган болуп калган.
Мен ага мыйзамдарды кененирээк түшүнүүгө жардам бердим. Укуктук ченемдерде көп учурда маанилүү өзгөчөлүктөр кездешет, мисалы, «же» байламтасынын колдонулушу норманын маанисин өзгөртүп жибериши мүмкүн.
Мен анын көңүлүн ушул жагдайга бурдум. Андан ары ал адам кайсы адвокатка же юристке кайрылууну өзү чечти.
Менин юрист жана адвокат тааныштарым көп. Мен аларга санариптик технологияларды өздөштүрүүгө көмөктөшөм, кээде жеке өзүм барып, тигил же бул инструменттерди кантип колдонуу керектигин түшүндүрүп берем.
Ал эми жарандар кайрылганда, аларга адистерди сунуштай алам.
Мен өзүмдү бардык юридикалык маселелерде кесипкөймүн деп эсептебейм. Бирок ченемди изилдеп, маанилүү нерсеге көңүл буруп, соттук практиканы таап, ушундай эле кырдаалда сот кандай чечим кабыл алганын көрсөтүп бере алам.
Ошентип, мен адамдарга укуктук маселелерди түшүнүүгө гана эмес, алардын кызыкчылыгын коргой ала турган адистерди табууга да жардам берүүгө аракет кылам.
«Мыйзамчы AI» сервисинин негиздөөчүсү, жылуулук менен камсыздоо компаниясынын абоненттик бөлүмүнүн жетекчиси, Ж. Баласагын атындагы КУУнун юридикалык факультетинин студенти Жаныбек Асиров менен толук маекти жакынкы арада Reporter.kg сайтынын YouTube каналынан көрө аласыздар.
Яна Крайнюкова
Анара Мамытова