Кыргызстанда «Мыкты мектеп ашпозчусу» сынагы өтүүдө

09.11.2026 | 16:25
В Кыргызстане проходит конкурс «Лучший школьный повар» — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда «Мыкты мектеп ашпозчусу – 2026» сынагы өтүүдө. Сынактын финалы 11-ноябрда Бишкек шаарында, ал эми 13-ноябрда Ош шаарында өтөт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Бишкектеги финалга Ысык-Көл, Чүй жана Талас облустарынын, ал эми Оштогу финалга Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын мектеп ашпозчулары катышат.

Сынактын жүрүшүндө катышуучулар азык-түлүктүн сапатын текшерүү, ашканадагы кемчиликтерди табуу жана башталгыч класстардын окуучулары үчүн тамак даярдоо боюнча тапшырмаларды аткарышат. Калыстар санитардык талаптардын сакталышын, шаймандардын колдонулушун, рецепттин аткарылышын жана убакытты баалашат. Ал эми окуучулар жана ата-энелер тамактардын даамын татып, «Элдин даам татуучусу» номинациясынын ээсин аныкташат.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө ашкана техникасын сатып алууга сертификаттар тапшырылат: биринчи орунга 70 миң, экинчи орунга 40 миң, үчүнчү орунга 30 миң сом берилет.

Сынакты Кыргызстандын Агартуу министрлиги, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Тармактык тамактануу институту (SIFI) Орусиянын каржылык колдоосу менен уюштурууда.

Scroll to Top