Президент Жээнбеков православдарды Рождество майрамы менен куттуктады

Президент Жээнбеков православдарды Рождество майрамы менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков православ динин туткан кыргызстандык жарандарды Рождество майрамы менен куттуктады.

“Бул күн элибизде белгилене турган өзгөчө майрамадрдын бири. Рождество майрамы адамдарды бооукердик менен ак ниеттүүлүккө үндөп, кайрымдуулукка чакырат.

Кыргызстан коомчулуктун тынчтыкта биргелешип жашооосуна кызмат кылган бардык салттуу диндерге сый мамиле кылат.

Бул майрам элибиздин биримдигин чыӊдап, ынтымакты, сабырдуулукту сактоого зор салым кошот”, — деп жазылат өлкө башчысынын куттуктоосунда.

Бүгүн, 7 январда Христиан дининдеги православдар Иса пайгамбардын туулган күнүнө арналган улуу майрамды белгилеп жатат.

Рождество майрамын православ чиркөөлөрү эски Григориан жылнаамасы боюнча 7-январда белгилешсе, Юлиан жыл эсебин кармангандар бул майрамды 25-декабрда католик чиркөөлөрүндө тосушат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>