Манас районунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү тогуз айда 396 млрд сомдон ашты

03.11.2026 | 11:46
Объем промышленного производства в Манасском районе за 9 месяцев превысил 396 млрд сомов — Новости Кыргызстана

Таластын Манас районундагы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2026-жылдын тогуз айында 396 млрд 200 млн сомду түздү. Жылдын аягына чейин көлөм 501 млрд 460 млн сомго жетери болжолдонууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда, Талас облусунда өлкө башчы Садыр Жапаровдун аталган райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышуу учурунда айтылды.

Маалыматка ылайык, райондун бюджети 2025-жылы 195 млрд 149 млн сом болгон. Ал эми быйылкы жылдын тогуз айында бюджет 158 млрд 360,8 млн сомду түзүп, жыл соңуна чейин 208 млрд 440,8 млн сомго жетиши күтүлүп жатканы айтылды.

Ошондой эле районго тартылган инвестициялардын көлөмү өскөн. 2021-жылы аймакка 293 млрд 465,2 млн сом инвестиция тартылса, 2025-жылы 3 трлн 175 млрд 848,5 млн сомду түзгөн. Ал эми 2026-жылдын тогуз айында 2 трлн 82 млрд 946,1 млн сом тартылып, жыл аягына чейин 2 трлн 177 млрд 946,1 млн сом болору пландалууда.

Мындан тышкары Садыр Жапаровго райондо ишке ашырылып жаткан долбоорлор тааныштырылган. Тактап айтканда, Семетей айылында 200 млн сомго калкты тейлөө борбору, 200 млн сомго 47 чакырымдык таза суу берүү системасы курулууда.

Ошондой эле келечекте Манас районунда 14 социалдык объектини, анын ичинде 4 саламаттык сактоо мекемеси, 4 мектеп жана 6 бала бакчаны куруу каралып жатканы маалымдалды.

Scroll to Top