Роза Отунбаева: Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кызматтан кетсин

Роза Отунбаева: Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кызматтан кетсин

Бүгүн, 10-мартта Бишкекте Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында аялдардын укугун коргоого багытталган тынчтык митинги өттү.

Аталган митингге Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева дагы келди. Ал 8-март күнкү ички иштер органдарынын кызматкерлери митингге келгендерди күч менен кууп таркатылышын сынга алды.

«Кыргызстан кашыктап топтогон аброюн чачты. Анткени биз канча жылдан бери демократиялык өлкөдө жашайбыз деп айтып келчүбүз. Бул үчүн ички иштер министри кызматтан кетиши керек. Биздин мамлекет аялдарга карата зомбулук боюнча жүздөгөн өлкөлөрдүн ичинде биринчи сапта турат. Эмнеге ал үчүн намыстанбайбыз? Эмнеге биз ажылдап, кыйкырып, бирөөнүн бетин жулабыз деп ушул жакка келип жатабыз. Бул нерсе уят, шермендечилик», — деп билдирди Отунбаева.

Белгилей кетсек, 8-март күнү “Аялдардын тилектештик жүрүшү” өтмөк. Иш-чара башталарга аз калганда белгисиз адамдар келип акциянын уюштуруучуларынын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция жүрүшкө келгендерди кармап Свердлов райондук милициясына алып кетип, тактоо иштерин жүргүзгөн соң кармалгандарды бошоткон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>