Садыр Жапаров Тергөө комитетин түзүүнү жарыялап, УКМКга экономикага кийлигишүүгө тыюу салды
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде өлкөнүн күч блогун масштабдуу реформалоо боюнча пландарын айтты. Мамлекет башчысы атайын кызматтарга алардын баштапкы функцияларын кайтарып берүү жана көз карандысыз тергөө органын түзүү ниетин билдирди.
Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) аброю акыркы убакта түшүп кеткенин моюнга алды. Анын айтымында, ал мекеме жетекчилигине кызматкерлердин «күбөлүктөрүн жада калса күркөлөрдө да көрсөткөн» жүрүм-турумуна жол берилбестиги тууралуу бир нече жолу эскерткен.
Президент УКМК советтик КГБ сыяктуу чыныгы атайын кызмат болушу керектигин: жабык, кесипкөй жана чалгындоо, контрчалгындоо, конституциялык түзүлүштү коргоо жана терроризм менен күрөшүүгө гана багытталышы зарылдыгын баса белгиледи.
«Алар экономикага кийлигишпейт. УКМК так эмне менен алектенерин жана анын кызматкери ким экенин эч ким билбеши керек», — деп билдирди Жапаров.
Мамлекет башчысы чекисттердин эттин баасын көзөмөлдөөдөн тартып сойкуканаларга каршы күрөшкө чейинки профилдик эмес иштерге тартылганын сындап, бул ИИМдин милдети экенин белгиледи.
Тергөө комитети: «подставалардан» коргоо
Реформанын негизги элементи жаңы орган — түздөн-түз президентке баш ийген Тергөө комитетин түзүү болот. Тергөөнүн негизги функциялары дал ошол жакка өтөт.
Садыр Жапаров мындай кадамдын зарылдыгын жарандарды ээнбаштыктан коргоо менен түшүндүрдү. Анын айтымында, азыр ИИМде жана УКМКда ыкчам кызматкерлер менен тергөөчүлөр бир эле башчыга баш иет, бул жогору жактагылардын буйругу менен иштерди жасалмалоого (фабрикациялоого) шарт түзүүдө.
«Тергөө комитети ыкчам кызматкерлер же министрлер алып келген “чийки” же жасалмаланган иштерди кабыл албайт. Кылмыш иштери козголбойт. Биз ушундай жол менен гана адам укуктарынын сакталышын 100% болбосо да, 95% камсыздай алабыз», — деп түшүндүрдү президент.
Масштабдуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу 2027-жылы, ШКУ саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөндөн кийин башталат. Жакынкы арада Жогорку Кеңешке киргизүү үчүн тиешелүү жарлыктар жана мыйзам долбоорлору даярдалат. Башкы жана аскердик прокуратураларда мыйзамдуулукка көзөмөл жүргүзүү функциялары сакталып калат.