Климаттын өзгөрүшүн КРнын мектеп программаларына киргизүү сунушталууда — долбоор

12.11.2026 | 10:07
Климаттын өзгөрүшүн КРнын мектеп программаларына киргизүү сунушталууда — долбоор — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда климаттын өзгөрүү маселелерин мектепке чейинкиден тарта жогорку окуу жайга чейин — билим берүүнүн бардык баскычтарында окуп-үйрөнүүнү киргизүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин 2027–2030-жылдарга Климаттык билим берүүнү өнүктүрүү жана калктын маалымдуулугун жогорулатуу программасын бекитүү боюнча токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, программаны иштеп чыгуу зарылчылыгы климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттери жана калктын жаңы экологиялык коркунучтарга карата даярдыгынын жетишсиздиги менен байланыштуу.

Долбоорго ылайык, климаттын өзгөрүү маселелерин мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана 12 жылдык мектептин окуу программаларына киргизүү пландалууда.

Төмөнкүлөр каралган:

  • мектеп сабактарына климаттык темаларды киргизүү;
  • Climate Science электрондук курсун иштеп чыгуу;
  • кыргыз жана орус тилдериндеги «Климаттык сандыкча» окуу куралын жаңылоо;
  • экология, климаттын өзгөрүшү жана жашыл экономика боюнча жаңы окуу материалдарын түзүү;
  • жасалма интеллектти (ЖИ) кошо алганда, санариптик билим берүү куралдарын киргизүү;
  • мугалимдерди климаттын өзгөрүү маселелери боюнча даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу.

Мындан тышкары, климаттык тематиканы кесиптик жана жогорку билим берүү программаларына да киргизүү сунушталууда.

ЖОЖдордо климаттык технологиялар жана жашыл экономика менен байланышкан багыттар боюнча окутууну өнүктүрүү, ошондой эле изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн лабораторияларды жабдуу пландаштырылууда.

Программанын өзүнчө бир багыты билим берүү мекемелеринин климаттык өзгөрүүлөргө карата коопсуздугуна жана туруктуулугуна арналган. Атап айтканда, климаттык жана экологиялык тобокелдиктерди эске алуу менен мектептер үчүн санитардык нормаларды кайра карап чыгуу сунушталууда.

Ошондой эле табигый кырсыктарга жана өзгөчө катаал аба ырайы шарттарына кыйла туруктуу болгон мектеп инфраструктурасынын стандарттарын иштеп чыгуу каралууда.

2028–2029-жылдары билим берүү мекемелеринин абалына көз салууга мүмкүндүк берүүчү «Мектеп инфраструктурасы» санариптик платформасын түзүү мерчемделген.

1960-жылдан бери Кыргызстанда жылдык орточо температура болжол менен 1,2 градуска көтөрүлгөнү белгиленет. Бул дүйнөлүк орточо жылуулануу темпинен дээрлик эки эсе жогору. Акыркы 50–70 жылда өлкөдө мөңгүлөрдүн аянты орто эсеп менен 16%га, ал эми айрым бассейндерде 30–50%га кыскарган.

Климаттын өзгөрүшү кургакчылыктын, селдин, суу ташкындарынын жана жер көчкүлөрдүн көбөйүшү менен коштолуп, суу менен камсыздоого, айыл чарбасына жана энергетикага кошумча тобокелдиктерди жаратууда. Ошол эле учурда, иштеп чыгуучулардын айтымында, Кыргызстанда климаттык билим берүү системасы азырынча баштапкы баскычта турат.

Климаттын өзгөрүү темалары мектептик жана кесиптик билим берүү программаларында жетиштүү деңгээлде камтылган эмес. Бул маселелерди окутуу боюнча бирдиктүү талаптар жок, ал эми мугалимдерге усулдук колдонмолор жана квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү жетишсиз.

Мындан тышкары, калкты окутуу жана маалымдоо көбүнчө айрым долбоорлордун алкагында гана жүргүзүлүп, туруктуу климаттык агартуу системасын курууга мүмкүндүк бербей келет.

Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн 2027–2030-жылдарга карата программа иштелип чыккан. Анда билим берүү системасындагы өзгөртүүлөр, адистерди даярдоо, мамлекеттик кызматкерлерди окутуу жана калктын маалымдуулугун жогорулатуу каралган.

Иш-чаралар планына ылайык, жыл сайын мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ (жергиликтүү өз алдынча башкаруу) органдарынын кеминде 250 өкүлү үчүн окутуу жана маалымат берүү иш-чараларын өткөрүү каралууда.

Мындан тышкары, калк үчүн агартуу иш-чаралары, маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу жана климаттык тобокелдиктер менен аларга ыңгайлашуу жолдору жөнүндө маалыматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү мерчемделген.

Балдарга, жаштарга, айылдык жана тоолуу аймактардын тургундарына, ошондой эле калктын башка аярлуу катмарына өзгөчө көңүл буруу пландаштырылууда.

Канча каражат талап кылынат

Негиздеме-маалымкатка ылайык, программаны 2027–2030-жылдары ишке ашырууга 283,1 миллион сом талап кылынат. Бул сумманын 217,3 миллион сому боюнча каржылоо тастыкталган:

  • 206,4 миллион сому — мамлекеттик бюджеттин каражаты;
  • 10,9 миллион сому — башка булактар, анын ичинде өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары.

Калган 65,8 миллион сом, же зарыл болгон каржылоонун 23%ы азырынча камсыздала элек. Аны эл аралык өнөктөштөрдүн техникалык жардамынын алкагында тартуу пландалууда.

Программанын аткарылышын координациялоо Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине Агартуу министрлиги жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте жүктөлүүсү сунушталууда.

Мамлекеттик органдар иш-чаралардын аткарылышы боюнча ар бир жарым жылда отчёт берип турушу керек. Ошол эле учурда долбоордо пландын өз убагында аткарылышы үчүн жетекчилердин жеке жоопкерчилиги каралган.

Анара Мамытова

Scroll to Top