Пайдубалы курулуп бүтө элек үйлөрдү жарнамалаган эки компания лицензиясынан ажырады

09.11.2026 | 15:40
Две компании лишились лицензий за рекламу домов с недостроенным фундаментом — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарында пайдубалы түптөлүп, жер алдындагы курулуш иштери толук аяктай элек имараттардан батирди жарнамалаган жана сатууга сунуштаган эки курулуш компаниясы лицензияларынан ажыратылды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Эске салсак, буга чейин «нөл цикли» бүтө элек, башкача айтканда, пайдубалы түптөлүп, жер алдындагы курулуш иштери толук аяктай элек имараттардан батир сатууга жана аларды жарнамалоого тыюу салынган.

Бул буйруктун негизинде министрлик тарабынан текшерүү жүргөн. Анын жыйынтыгында Садыгалиев көчөсүндө 16–23 кабаттуу турак жай комплексин куруп жаткан «СК Нобель» курулуш компанияся эскертүүлөргө карабастан жарнамалык иштерин уланткандыгы аныкталган. Бул факт боюнча компаниянын уруксат документтери жокко чыгарылып, лицензиясы алынган. Ошондой эле курулуш иштери толугу менен токтотулган

Мындан тышкары Армейская көчөсүндө 17 кабаттуу «Бридж» турак жай комплексин курууну пландаган «О2 девелопмент» компаниясы мыйзам бузгандыгы такталган. Объект Мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине катталбастан жана «нөл цикли» бүтө электе жарнамаланып, батирлер сатууга сунушталган. Аталган компаниянын да уруксат кагаздары жокко чыгарылып, лицензиясы алынган жана курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынган.

Scroll to Top