Салык кызматы салыктарды эсептик каттоого турган жер боюнча төлөө зарылдыгын эскертти

2026-жылдын август айындагы салыктык милдеттенмелерден тартып, бирдиктүү салык жана сатуудан алынуучу салык сөзсүз түрдө эсептик каттоого турган жер боюнча төлөнүшү керек. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертти.
Ошодой эле Салык кызматы салык төлөөчүлөргө төлөм жүргүзүүдөн мурун эсепке турган жерин жана реквизиттерин алдын ала текшерүү сунуштады. Бирдиктүү салык боюнча отчёттор жана төлөмдөр салык төлөөчүнүн эсепке турган жери боюнча гана кабыл алынат.
Мекеменин маалыматында, буга чейин айрым салык төлөөчүлөр бирдиктүү салыкты жана сатуудан алынуучу салыкты эсепке турган жеринин ордуна салыктык катталган жери боюнча төлөп келишкен. Бул аракеттер салык мыйзамдарын бузуу катары бааланып келген.
Мындан улам Салык казматы 2025-жылдын 1-сентябрынан 2026-жылдын 31-августуна чейинки мезгилде салыктарды катталган жери боюнча эмес, башка аймактарга төлөгөн жарандарды жоопкерчиликтен бошотууну сунуштап, тиешелүү мыйзам долбоорун Экономика жана коммерция министрлигине жөнөткөн.
Жаңы сунушталган ченем кабыл алынса, аталган мезгил аралыгында ката кетиргендерге карата жаза чаралары колдонулбайт.