Шакира 18-октябрда Бишкекте концерт берет — билеттер 1-октябрда сатыла баштайт«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтототКыргызстанда санариптик далилдерди мыйзамдаштырып, виртуалдык активдерге камак салуу сунушталуудаБишкекте үй-тиричилик товарларын жана техникаларын чыгарган өндүрүштүк аянтча ачылдыКыргызстанда кайсы өсүмдүктөрдү жыйноого, колдонууга жана сатууга болбойтБишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде байыркы кол жазмалар тууралуу лекция өтөт
Оштун эски базарынын ордуна маданий-туристтик комплекс курулат
20.08.2026 | 15:01

Ош шаарындагы борбордук базардын мурдагы ордуна жаңы маданий, туристтик эс алуу комплекси курулат. Бүгүн, 20-августта, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен базар жайгашкан жердин менчик ээлери ортосунда эки тараптуу меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Ош мэриясы кабарлады.
Долбоорго ылайык, аймакта Оштун тарыхын жана маданиятын чагылдырган этно-борбор, эс алуу жайлары жана соода түйүндөрү жайгаштырылат. Курулуш менчик ээлеринин ири инвестициялык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Ошондой эле долбоордун алкагында жер ээлерине компенсация төлөө маселеси каралган.
Мэрия курулуш иштерин 1-сентябрдан тартып баштоо пландалып жатканын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом