Сегизинчи абакка баңгизат киргизүүгө аракет кылган кылмышкерлер кармалды — сүрөт

Сегизинчи абакка баңгизат киргизүүгө аракет кылган кылмышкерлер кармалды — сүрөт

№8- абагынын жанынан эки кылмышкер кармалды.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 29-апрелинде саат 23:50 чамасында Юстиция министрлигине караштуу №8- түзөтүү мекемесинин кызматкерлери Петровка айылында жайгашкан Кайтаруу жана күзөтүү депортаментинин 8-ротасынын аскер кызматкерлери менен биргеликте Чүй облусунун Москва районунда мекеменин аймагына тыюу салынган буюмдарды ыргытуу аракетинин алдын алды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында жалпы салмагы 632 граммды түзгөн, скотч менен оролгон 1 (бир) желим бөтөлкө кочкул жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар затты мекеменин аймагына өткөрүүгө ниеттенген Р.у.С. жана «Т.у.Б.» аттуу жарандар кармалды.

Бул факт ККБРкатталып, кармалган жарандар жана чогултулган материалдар кошумча иликтөө жүргүзүү үчүн Чүй облусунун Москва районунун ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>