Шакиранын концерти Кыргызстандын экономикасына $30 млн алып келиши мүмкүн — Кубатов

Дүйнөлүк поп-жылдыз Шакиранын «Бишкек Арена» стадионунда өтө турган концерти Кыргызстандын экономикасына 30 миллион долларга жакын пайда алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов билдирди.
Анын айтымында, ырчынын концертине 60 миңге жакын көрүүчү келери күтүлүүдө, алардын жарымын чет элдик туристтер түзөт.
«Жакынкы арада биз Шакираны күтүп жатабыз. Бул чоң жана өтө маанилүү жаңылык, ошондой эле биздин өлкө үчүн чоң окуя», — деди Кубатов.
Ал алдын ала эсептөөлөр боюнча, концертке келген ар бир чет элдик турист орточо эсеп менен 940 доллар сарптай турганын белгиледи.
«940 доллар — бул билеттер, жатакана, мейманканалар, транспорт, логистика. Мунун баары ушул суммага кирет. Эми элестетиңиздер, «Бишкек Аренада», Шакиранын концертинде боло турган 30 миң турист бир күндө эле 30 миллион долларга жакын акча коротот», — деди мамлекеттик агенттиктин жетекчиси.
Анын баамында, ири эл аралык иш-чараларды өткөрүү өлкө экономикасына олуттуу киреше алып келүүгө жөндөмдүү.
«Бул өлкөнүн улуттук экономикасына кошулган чыныгы олуттуу салым», — деп баса белгиледи Кубатов.
Мамагенттиктин башчысы стадиондун курулушу үчүн КР президенти Садыр Жапаровго жана анын командасына ыраазычылык билдирди.
Кубатовдун айтымында, «Бишкек Арена» иш-чаралар туризмин (событийный туризм) өнүктүрүүгө, спорттук мелдештерди, маданий жана музыкалык фестивалдарды өткөрүүгө, ошондой эле дүйнөлүк жылдыздардын өнөрүн тартуулоого ылайыктуу аянтча болуп калды.
«Биздин президент Садыр Жапаров мырзага, ар бир кыргызстандыктын Борбор Азиядагы эң чоң мындай спорттук аренага ээ болуу кыялын, укмуштуудай идеяны кыска мөөнөттө ишке ашырган командага терең ыраазычылык билдирем», — деди ал.
Кубатов ири иш-чаралар туруктуу өткөрүлүп турса, стадион курулушка кеткен чыгымдарды беш-жети жылдын ичинде актай алат деп эсептейт.
«Чынын айтканда, «Бишкек Аренанын» кирешелүүлүгү боюнча айтсак, эгерде бул аренада 15–20га жакын ири иш-чаралар өтүп турса, ал өзүн 5–7 жылдын ичинде актап коюшу мүмкүн», — деп билдирди ал.
Кубатовдун пикиринде, мындай аянтчалар эл аралык иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтип гана тим болбостон, туризм тармагынын жана өлкө экономикасынын өнүгүшүнө да өбөлгө түзөт.