Кыргызстанда жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылды

12.10.2026 | 14:47
Кыргызстанда жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылды — Новости Кыргызстана

Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда таштандылар мыйзамсыз төгүлгөн 93 жай жоюлду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда республика боюнча таштандылар топтолгон 230 жай бар. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында Ысык-Көл облусунда 51 мыйзамсыз таштанды жайынын 35и жабылган. Жыйынтыгында аталган аймакта 16 жай калган. Мекеме мындай иштер Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Ош, Нарын жана Талас облустарында да жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Ал эми Талас облусунда жыл башынан бери 31 таштанды жайынын бирөө жоюлуп, 30 жай калган. Учурда аталган облустун Бакай-Ата районунда таштанды полигонунун курулушу жүрүп жатканы айтылды. Бул объект пайдаланууга берилсе, Бакай-Ата жана Талас райондорундагы таштанды жайлардын саны дагы тогузга азаят.

Мыйзамсыз таштанды жайларын жоюу иштери калктуу конуштардын санитардык коопсуздугун камсыздоого жана айлана-чөйрөнүн булганышын алдын алууга багытталган.

Scroll to Top