Сирияда согушуп жүргөн эки жаран Бишкекке жеткирилди (видео)

Сирияда согушуп жүргөн эки жаран Бишкекке жеткирилди (видео)

УКМКнын кызматкерлери атайын террористтик даярдыктан өтүп, Сириядагы согуштук аракеттерге катышкан эки жаранды кармашты.

УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Кыргызстандын жарандары 1994-жылы туулган М.у.Б. жана 1993-жылы туулган А.у.Т. 2019-жылдан бери террористтик мүнөздөгү өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн, анын ичинде Кыргызстандын аймагында согуштук аракеттерге катышкандыгы үчүн издөөдө жүргөн.

Алар эл аралык террористтик уюмдардын эмиссарларынын жетекчилиги астында чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышкан.  18-августта экөө тең Бишкекке жеткирилип, камакка алынды.

Учурда алар УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. Алардын мыйзамсыз аракеттерин документтештирүү боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>