Кыргызстанда медицина кызматкерлери санариптик технологияларга окутулат

29.09.2026 | 09:59
Кыргызстанда медицина кызматкерлери санариптик технологияларга окутулууда — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги медицина кызматкерлерин кесиптик ишин үзгүлтүккө учуратпастан санариптик технологияларга окутуу боюнча адистештирилген программаны ишке киргизди. Бул окутууга 40 миңге жакын медицина кызматкери тартылат.

Министрликтин маалыматында, программанын алкагында саламаттык сактоодогу маалыматтык системалар менен иштөөнү өздөштүрүүгө багытталган окуу-усулдук комплекс иштелип чыккан. Окутуу процессинде санариптик гигиена, жеке жана медициналык маалыматтарды коргоо, ошондой эле аккаунттардын коопсуздугун сактоо эрежелерине көңүл бурулган.

Окутуу С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун билим берүү платформасына жайгаштырылып, курстардан өткөн адистерге кредит-сааттар эсептелет.

Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадиалиев саламаттык сактоонун санариптик системаларынын натыйжалуулугу түздөн-түз медицина кызматкерлеринин даярдык деңгээлине көз каранды экенин билдирген.

«Ошондуктан биз санариптик технологияларга окутууну санариптик форматта жүргүзүп жатабыз. Мындай ыкма калкка медициналык жардам көрсөтүү процессине тоскоолдук жаратпастан, адистердин максималдуу санын окутууга мүмкүндүк берет», — деген ал.

Санариптик модуль кадрдык маалымат системасы менен байланыштырылган. Бул тутум кызматкерлердин өткөн жана өтүүгө милдеттүү болгон курстарын көзөмөлдөөгө шарт түзөт. Окутуу жумушка кабыл алууда жана билимдерди жаңылоо үчүн мезгил-мезгили менен өткөрүлөт.

Scroll to Top