Чүй облусунда 100 орундуу оорукана жана жаңы мектеп курулат

29.09.2026 | 16:05
Чүй облусунда 100 орундуу оорукана жана жаңы мектеп курулат — Новости Кыргызстана

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жана парламенттин депутаттары менен биргеликте Чүй облусунун Москва районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында саламаттык сактоо жана билим берүү тармагындагы бир катар объектилердин абалы менен таанышты.

Атап айтканда, алар Беловодское айылындагы Москва райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборуна барып, имараттардын абалы жана материалдык-техникалык базасы менен таанышты. Борбордун негизги имараты 1970-жылы курулган, стационар 171 койка-орунга эсептелген. Борбордун карамагында 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана 19 фельдшердик-акушердик пункт бар.

Сапардын жүрүшүндө негизги көйгөйлөр белгиленди. Тактап айтканда, 100 койка-орунга ылайыкталган оорукананын жаңы корпусун куруу зарыл. Касымалиев республиканын аймагында 42 оорукананын жаңы имараттары куруларын белгиледи. Алардын катарында Чүй облусунун Москва районунда да 100 койка-орунга ылайыкталган оорукананын жаңы имараты курулат. Объектке баруунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Андан соң Министрлер кабинетинин башчысы, Жогорку Кеңештин төрагасы жана депутаттар Москва районундагы К. Сыйданов атындагы жалпы билим берүүчү мектептин абалы менен таанышты. Мектептин негизги имараты 1970-жылы курулган жана 220 окуучуга ылайыкталган. Бирок учурда анда 590 бала билим алууда. Башталгыч класстар үчүн имарат 1969-жылы курулган, анын долбоордук кубаттуулугу 200 орунду түзөт, ал эми иш жүзүндө анда 460 окуучу окуйт. Имарат типтүү эмес жана буга чейин бала бакча катары пайдаланылган.

Мектепте окуу кабинеттеринин жетишсиздиги байкалат, спорттук жана актовый залдар, ошондой эле китепкана жок. Мындан тышкары, окуучулардын саны имараттардын долбоордук кубаттуулугунан кыйла ашып кеткен. Ушуга байланыштуу сапардын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына жаңы мектеп куруу маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.

Теги: кабмин
Scroll to Top