Кочкор районунда мыйзамсыз атылган тоо эчкинин улагы табылды

Нарындын Кочкор районунун Каракол жайлоосунда мыйзамсыз атылган жапайы тоо эчкинин улагы табылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Министрликтин Нарын регионалдык башкармалыгынын жана Кыргыз мергенчилер жана балыкчылар коомунун егерлери рейд учурунда Дүңгүрөмө тилкесиндеги көчмө үйдүн жанынан жаныбардын өлүгүн табышкан. Текшерүү маалында көчмө үйдүн ээси, Кочкор районунун тургуну жапайы тоо эчкинин улагын мыйзамсыз атканын мойнуна алган.
Мыйзамга ылайык, мындай аракет үчүн жаранга 300 миң сомго чейин айып салынышы мүмкүн. Окуя боюнча акт түзүлүп, атылган жаныбардын өлүгү жана жаранга тиешелүү куралдын документтери Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда мыйзамсыз аңчылык кылгандар жана Кызыл китепке кирген жаныбарларды аткандар үчүн чоң өлчөмдөгү айып пулдар каралган. Мыйзамга ылайык, айып пулдардын өлчөмү төмөндөгүдөй:
- Илбирс — 2 млн сом;
- Аркар-кулжа, марал, күрөң аюу, жейрен — 1 млн 500 миң сом;
- Кызыл карышкыр, мадыл, сүлөөсүн — 50 миң сом;
- Ортоазиялык кундуз, мензбир сууру — 20 миң сом.