Сириядагы согушка катышууга аракет кылган кыргыз жараны кармалды   

Сириядагы согушка катышууга аракет кылган кыргыз жараны кармалды   

Ушул жылдын 19-июлунда УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдардын жактоочусу — 1995-жылы туулган Жалал-Абад шаарынын тургуну М.Д.М. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган М.Д.М. 2015-жылы Кыргызстандан чыгып, Сирия Араб Республикасына эл аралык террористтик уюмдардын тарабында куралдуу кагылышууларга катышууга аракет кылганы аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинин негизинде (“Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) кылмыш иши козголгон.

Кармалган жарандын жашаган жеринен жана жеке унаасын тинтүү учурунда 1 даана белгисиз автоматтык курал (АК-74 түрүндө), 30 даана 5,45 мм калибрлүү патрондор, ошондой эле 34 даана диний адабияттар (китеп-брошюралар) табылып алынды.

М.Д.М. УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилип, алынган буюмдарга тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>