Кыргызстан менен Түштүк Корея достук паркына 85 түп эмен көчөтү отургузулдуБишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Николай Мироненко дүйнө салдыДарыканаларда мыйзамсыз ташылып келген дарылар сатылган: эки жаран кармалдыЧүй районунда 202 гектар аянтка өнөр жай аймагы түзүлөтБишкекте КММАнын студентинин сөөгү табылды. Ал буга чейин изделип жаткан8-ноябрга карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолу
Кыргызстан менен Түштүк Корея достук паркына 85 түп эмен көчөтү отургузулду
08.11.2026 | 12:29

Бишкек шаарындагы Кыргызстан менен Түштүк Корея достук паркына 85 түп эмен көчөтү отургузулду. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин аталган жерде «Будда бар» жайгашкан. Кийин имарат алынып, жер тилкеси жашыл аймак түзүү үчүн шаарга өткөрүлүп берилген.
Көчөт отургузууга калаа мэри Айбек Жунушалиев катышып, тиешелүү кызматтарга бак-дарактарды үзгүлтүксүз сугарууну камсыз кылууну тапшырган. Ошондой эле аймакты тазалап, газонду калыбына келтирүү тапшырмасын берген.
Мэрия быйылкы күзгү жашылдандыруу өнөктүгүнүн алкагында борбор калаада жалпысынан 600 түп бак-дарактын көчөтү отургузулганын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом