Каржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалдыБишкекте Абдрахманов көчөсүндө 10 күнгө жол кыймылы чектелет
«Киров» суу сактагычына чөгүп кеткен 22 жаштагы жигит изделүүдө
24.07.2023 | 15:39
“Киров” суу сактагычына чөгүп кетти делген адам изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 23-июлда Айтматов районунун Чолпонбай айыл аймагындагы “Киров” суу сактагычына 1 адам сууга чөгүп кеткендиги жөнүндө Айтматов райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жергиликтүү милиция кызматкерлери билдиришкен.
Издөө иштерине райондук ӨК бөлүмүнөн 6 куткаруучу, Талас шаардык ӨК бөлүмүнөн 6 куткаруучу жана милиция кызматкерлери тартылган.
Сууга чөгүп кеткен 22 жаштагы Д.Т. аттуу жигит Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Коо айылынын тургуну болгон.
Белгилей кетсек, куткаруучулардын издөө иши кеч кирип кеткендигине байланыштуу убактылуу токтотулуп, 24-июлда таң эрте улантылды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом