Соцтармактагы билдирүүсү үчүн камакка алынган активисттер

Соцтармактагы билдирүүсү үчүн камакка алынган активисттер

Кыргызстан Борбор Азиядагы башка мамлекеттерден сөз эркиндиги менен айырмаланып, «демократия аралчасы» деп айтылып келет. Бирок сөз эркиндигине Кыргызстан оңой-олтоң жеткен жок жана аны колдон чыгарбай кармап калуу үчүн «күрөш» уланууда. Себеби ар бир бийлик сөз эркиндигине, оюн ачык айткан адамдарга кысым, сес көрсөтүү аракеттерин ар дайым жасап келет.

Учурда да «оюмду ачык билдирем» деп камакка алынган активисттер жок эмес. Социалдык тармактагы билдирүүсү үчүн быйыл эле камалган бир нече адам бар.

Адилет Балтабай

Коомчулук арасында Адилет Балтабай деген ат менен таанымал Адилет Али Мыктыбек «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» айыпталып, камакта отурат. Ага «Фейсбук» баракчасына чыгарган посту үчүн кылмыш иши козголуп, иши сотко өткөн.

2-сентябрда Адилет Балтабайга ачылган кылмыш иши боюнча биринчи отурум өтүп, ага айыбы угузулган. 22-сентябрда өткөн соттук отурумда лингвистика боюнча мамлекеттик эксперт жана башка күбөлөр суралган. Жактоочу Нурбек Сыдыковдун айтымында, анда эксперт Адилет Балтабайдын постунда эч кандан чакырыктар болбогонун белгилеген.

«Соттук жыйынга келген мамлекеттик эксперттер «массалык башаламандыкка чакырык болгон эмес» деп айтышты», — деди ал.

Ошондой эле жактоочу, алар өздөрү да көз карандысыз экспертиза жүргүзүп, корутундуда Адилет Балтабайдын постунда «массалык башаламандыкка чакырык жок» экени ырасталган.

Ырыс Жекшеналиев

«Полит Узник» баракчасынын администратору, жаш активист Ырыс Жекшеналиевге УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик видеокайрылуусун жарыялаганы үчүн кылмыш иши козголгон.

13-августта «Полит Узник» баракчасында аталган архивдик кайрылуу чыгып, андан кийин 14-августта президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо кени боюнча билдирүү жасаган. Анда президент айрым адамдар Жетим-Тоо боюнча туура эмес маалымат таратып жатканын айтып, укук коргоо органдарына аларды тартипке чакырууну тапшырган. Ага байланыштуу ошол эле күнү Ырыс Жекшеналиев менен Абдил Сегизбаев суракта болушкан. Сегизбаев сурактан кийин кое берилсе, Жекшеналиев алгач 48 саатка, андан кийин 16-августта 2 айга камакка алынган. Акыркы соттук отурумда анын камактагы мөөнөтү 14-декабрга чейин узартылган.

Руслан Бекназаров

Социалдык тармактарда пост жазганы же бөлүшкөнү үчүн камакта отургандардын арасында Свердлов районунун акиминин орун басары, саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров да бар. Ал социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды таратууга шектелүүдө. Бекназаров 14-сентябрда суракка чакырылып, андан кийин камакка алынган.

Ал эми саясатчы Азимбек Бекназаров уулунун кармалышын өзүнүн азыркы бийликке айткан сындары менен байланыштырып, ага эскертүү катарында жасалган иш-аракет катары көрөрүн билдирген.

Руслан Бекназаровдун камакка алынышы боючна депутат Тазабек Икрамов 12-октябрдагы парламенттин жыйынында оюн айтып, уул атасынын айткандары үчүн жооп бербеши керектигин белгилеген.

Эмил Бекиев

Социалдык тармактардагы билдирүүсү үчүн камакка алынгандардын бири — блогер жана оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тарапташы Эмил Бекиев. Ал буга чейин YouTube’дагы каналында бийликке сын айтып келген.

Быйыл 7-сентябрда Москвадан депортацияланып келгенден кийин ал Ысык-Көлдөгү аэропорттон УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып кеткен. Бекиевге «диний, улут жана аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен кылмыш иши козголгону белгилүү.

Бекиев былтыр январь айында өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай Москвадагы элчиликтин алдында жалгыз пикетке чыккан. Ал эми ноябрь айында «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тарапташтары менен бирге унаа менен жүрүш жасаганы үчүн кармалган.

Евгения (аты өзгөртүлдү)

Социалдык тармактагы билдирүүсү үчүн сот өкүмү чыгып, эркинен ажыратылган жарандар да жок эмес. Быйыл 13-сентябрда Бишкекте социалдык тармактарда элди улутка бөлүп-жарган билдирүү жазганы үчүн Евгения (В.Е.) аттуу жаран 1 жылга соттолду.

Ал соттун чечими менен кылмыш кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 1 жылга эркинен ажыратылган. Ал жазаа мөөнөтүн катуу режимдеги түзөтүү мекемесинде өтөйт.

Белгилүү болгондой, Евгения апрель айында өзүнүн «Твиттердеги» баракчасында Кыргызстандын жарандарынын улутун кемсинткен, бир улуттун башкалардан артыкчылыгын үгүттөгөн билдирүү жазган. Анын посту социалдык тармактардын колдоонуучуларынын сынына кабылган.

Сотто айыптоочу тарап, ал жарандын жазгандары улуттар аралык жаңжалга алып келиши мүмкүн экенин билдирген.

Ал эми айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алып, билдирүүнү мас болгону үчүн жазганын айткан. Ал жазган сөздөрү үчүн өкүнүп жатканын, абакка камоодон башка жаза берүүнү суранган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>