Кыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдө

29.10.2026 | 17:59
Кыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдө — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын мектептерине шахмат ийримдерин уюштуруу үчүн керектүү жабдуулар таратылууда. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматында, 2026–2027-окуу жылында өлкө боюнча 500 мектепте 3–5-класстын окуучулары үчүн шахмат ийримдери ачылууда.

Азыркы тапта билим берүү мекемелерине 7 миң 500 комплект шахмат, 2 миң 500 таймер жана 500 даана демонстрациялык такта жеткирилген. Министрлик жеткирүү иштери улантылып жатканын билдирди.

Ошондой эле мекеме аталган пилоттук долбоордун аткарылышына 10 айдан кийин мониторинг жүргүзүлүп, баа берилерин кошумчалады.

Эске салсак, ушул жылдын июнь айында өлкө башчы Садыр Жапаров «2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Анын алкагында, «Мектептердеги шахмат» пилоттук долбоору башталары айтылган.

Scroll to Top