Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Талас шаарында жаңы Сот адилеттик үйү курулат
07.08.2026 | 17:18

Талас шаарында заманбап инфраструктураны камтыган жаңы Сот адилеттик үйү курулат. 6-августунда аталган имараттын пайдубалына мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу КРдин Жогорку соту маалымдады.
Жаңы имаратта жергиликтүү соттор, Сот департаментинин облустук башкармалыгы, сот приставдары жана башка тиешелүү кызматтар бир жерге жайгаштырылат.
Иш-чарага Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, Президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Джумаев жана башка расмий өкүлдөр катышкан.
Медербек Сатыев өз сөзүндө бул долбоор өлкөдөгү сот реформасынын маанилүү бөлүгү экенин белгилеген. Анын айтымында, жаңы имарат сотко кайрылган жарандар үчүн жеткиликтүүлүктү жана ачык-айкындуулукту камсыздайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Жогорку сот, Талас