Манасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталдыДин, тил жана биримдик: Кыргызстанда 2030-жылга чейинки жаңы улуттук программа сунушталуудаБишкекте швейцариялык «La Landwehr de Fribourg» оркестринин музыкалык парады өтөтСадыр Жапаров АӨКЧМдин жетинчи саммитине катышуу үчүн Бакуга барды
Бишкектеги «Аска-Таш» комплексинде фонтандар оңдолуп, көрктөндүрүү иштери жүрүүдө
07.08.2026 | 17:56

Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндө жайгашкан «Аска-Таш» мемориалдык комплекси жаңыланууда. Борбор калаанын мэриясы иш-чаралар ШКУнун саммитине даярдык көрүүнүн алкагында аткарылып жатканын билдирди.
Долбоор боюнча комплекстеги фонтандардын ички жана тышкы инженердик тармактары толугу менен алмаштырылып, чөйчөктөрү бетондолуп, гранит менен капталат. Учурда аймакка таман таш төшөө жана автоматтык сугаруу системасын орнотуу иштери жүрүп жатат.
Курулуш-монтаждоо иштерин «Гранд Про» ЖЧКсы жүргүзүүдө. Мэриянын маалыматында, жаңылоонун натыйжасында комплекстин архитектуралык көрүнүшү жакшыртылып, тургундар жана коноктор үчүн шарттар түзүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Бишкек, реконструкция