Кыргызстанда жаш балдар үчүн кыргыз тилдүү «Нуркидс» платформасы иштелип чыкты

Кыргызстанда жаш балдар үчүн «Нуркидс» аталышындагы кыргыз тилдүү платформа иштелип чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия маалымдады.
«Нуркидс» платформасы балдар арасында мамлекеттик тилди жайылтууга жана кыргыз тилине болгон кызыгууну арттырууга багытталган. Ошондой эле ресурс жаш муунга кыргыз тилин үйрөтүүнү жана аларды маалымат менен камсыздоону максат кылат.
Платформада балдар үчүн кыргыз тилиндеги оюндар, мультфильмдер, ырлар жана жомоктор камтылган. Түзүүчүлөр анын мазмуну туруктуу негизде жаңыланып жана толукталып турарын билдиришти.
Демилге Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан колдоого алынган. Ошондой эле Кыргызстан элинин Ассамблеясы, Улуттук банк жана балдар контентин жаратуучулар аталган платформа менен кызматташуу ниетин билдиришти.