Талантбек Эдилов Талас облусунун башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президентин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Бүгүн, 25-августта облустук администрацияда жыйын болуп өтүп, Талантбек Эдилов эмгек жамаатка тааныштырылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз