ИИМ: Кыргызстандын элине акарат келтирген адам жоопко тартылат

ИИМ: Кыргызстандын элине акарат келтирген адам жоопко тартылат

TikTok социалдык баракчасында Кыргызстандын жарандарына акарат келтирген Өзбекстандын жаранынын билдирүүлөрүнө байланыштуу тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, TikTok’то белгисиз улуттагы жаран өзбек тилинде Кыргызстандын элинин ар-намысына шек келтирген видеокайрылууларды жасаган.

«Бул видео социалдык тармактарда талкуу жараткан. Аталган видео боюнча белгисиз аял өкмөт үйүнүн алдына нараазычылык акциясына чакырып, Өзбекстандын жетекчилигине, коомчулугуна да кайрылгандыгын билдирип, (Кыргызстандын жарандарына сөз тийгизген адамды — ред) «камалсын же тили кесилсин» деп талап кылган», — деп айтылат маалыматта.

Соцтармактарга чыккан видеолор боюнча укук коргоо органдары териштирүү иштерин жүргүзгөн.

Натыйжада нааразыкчылк акциясына чыгууга чакырган аялдын өздүгү такталып, ал 32 жаштагы К.А. экендиги аныкталган. Ал менен Бишкек шаардык милициясынын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Ошондой эле, ИИМдин маалыматы боюнча, Кыргызстандын жарандарына тил тийгизген адамдын өздүгү такталган. Ал Өзбекстандын 28 жаштагы А.Р. аттуу жараны экени белгилүү болгон. Аталган жаран 2019-жылы 27-июнда Кыргызстандын аймагына кирип, 1-июлда Ош аэропортунан Россиянын Екатеринбург шаарына чыгып кеткен.

Анын видеокайрылуусу тууралуу маалымат Өзбекстандын Ички иштер министрлигине, Кыргызстандын ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгүнө жөнөтүлгөн. Натыйжада аталган жаран учурда Санкт-Петербургда жашап жаткандыгы аныкталган.

ИИМден билдиришкендей, аталган жаран мурда чыгарган видеосу боюнча Кыргызстандын жарандарынан кечирим сураган. Бирок ИИМ ал жаран кечирим суроо менен чектелбей, мыйзам чегинде жоопко тартыларын билдирди.

«Бирок аталган видео кечирим суроо менен гана аяктап калбайт. Себеби маалымат Кыргызстандын ИИМнин Бишкек шаардык милициясында, Өзбекстандын жана Россиянын ИИМинин атайын башкармалыктарында катталып, тиешелүү ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, экспертизалар дайындалды. Тергөө-иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган факт боюнча сөссүз түрдө юридикалык баа бериле тургандыгын билдиребиз», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>