Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Бишкектин борборунда бир суткага ичүүчү суу токтотулат
16.06.2026 | 11:40

17-июнда саат 09:00дөн 18-июнь саат 06:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым аймактарында ичүүчү суу өчүрүлөт. Суу турак жайларда, билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде, ошондой эле өнөр жай объекттеринде болбойт. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Суу берүүнү токтотуу «Көк-Жар» суу топтомосундагы оңдоо иштерине байланыштуу.
Өчүрүү аймактары:
- Темир жолдун түндүк тарабы: Темир жол линиясы – Раззаков – Бөкөнбаев – Панфилов – Фрунзе – Гоголь – Жумабек – Сүйүмбаев – Осмонкул көчөлөрү жана Аламүдүн дарыясына чейинки тилкелер.
- Л. Толстой көчөсүнөн жогору жайгашкан аймак: Көк-Жар суу топтомосунан тартып М. Горький (төмөн жагы) – Л. Толстой – Матросов (батыш тарабы) – 7-апрель (чыгыш тарабы) көчөлөрү менен чектелген тилке.
- М. Горький көчөсүнөн жогору жайгашкан аймак: М. Горький – 7-апрель көчөлөрү, Улан-2 кичи району, Аламүдүн дарыясы, Суванбердиев – Шүкүров – Скрябин – Бектенов көчөлөрүнө чейинки аймак.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы тургундарды ичүүчү суу камдап алууга чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом