Бишкекте бокс кечеси өтөт: турнирдин башкы беттештери белгилүү болду

19.06.2026 | 16:48
В Бишкеке пройдет вечер бокса: названы главные поединки турнира — Новости Кыргызстана

3-июлда Бишкектеги «Жаштык Аренада» кесипкөй бокс боюнча ири эл аралык кече өтөт, анын башкы окуясы абройлуу «КПБЛ» (Кесипкөй бокс лигасы) чемпиондук куру үчүн беттеш болмокчу. Бул масштабдуу турнирди өткөрүүгө даярдыктар тууралуу КР Кесипкөй бокс лигасынын президенти Шайлообек Атазов атайын Reporter.kg басылмасына билдирди.

Уюштуруучулар алдыдагы турнирдин файткардын (беттештер тизмесин) сунушташты, анда кыргызстандык мушкерлер дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген күчтүү атаандаштар менен күч сынашат. Башкы беттеште 63,5 кг салмак ченинде чемпиондук титул үчүн Акжол Сулайманбек уулу менен Таиланддын өкүлү Пхайом Мр. Кхампи (Phayom Mr. Khampee) беттешет. Ошондой эле көрүүчүлөрдү кызыктуу таймаштар күтөт: Өмүрбек Бекжигит уулу Тажикстандан келген Абдугаффор Вахобовго каршы рингге чыкса (79,37 кг чейин), Мирзохид Имамназаров кубалык Вега Акоста менен (63,5 кг чейин), ал эми Нурадин Рустамбек уулу өзбекстандык Ибратбек Давлатовго каршы (72,57 кг чейин) беттеш өткөрөт.

Кесипкөй бокс кечеси титулдук демөөрчүсү — «Авангард» курулуш компаниясынын жана башкы демөөрчүсү — «Айчүрөк» ЦУМунун колдоосу менен уюштурулууда. Тогуз өлкөдөн келген чет элдик спорттук делегацияларды кабыл алууга даярдыктар жыйынтыктоочу баскычында турат. Турнир стадион толо мушташ өнөрүнүн (единоборство) күйөрмандарын чогултуп, ата мекендик мушкерлердин жогорку чеберчилик деңгээлин көрсөтөт деп күтүлүүдө.

Теги: спорт
Scroll to Top