Бишкекте синтетикалык баңгизат сатууга шектелип 26 жаштагы жигит кармалдыКыргызстанда дагы 63 билим берүү мекемесинде ысык тамак берилүүдөАзия оюндары: грек-рим күрөшүндө Асан Жанышов финалга чыктыДепутат памирлик кыргыздарды жумушка орноштурууга жана адаптациялоого көмөк көрсөтүүгө чакырдыБишкекте сүрөтчү Асанбек Турумбековдун 90 жылдыгына арналган көргөзмө ачылатУлуттук статистика комитети: туризм Кыргызстанга жарым жылда 34 млрд сом киреше алып келди
Бишкектин бир бөлүгүндө 23-июнда ичүүчү суу убактылуу токтотулат
19.06.2026 | 17:01

23-июнда саат 09:00дөн 18:00гө чейин Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрүндө жана конуштарында ичүүчү сууну берүү токтотулат. Өчүрүү турак жайларга, билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде, ошондой эле өнөр жай объекттерине тиешелүү. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Суу берүү Контррезервуар суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.
Суу өчүрүлө турган аймактар:
- Достоевский көчөсү — Анкара көчөсү — Ауэзов көчөсү — темир жол линиясы менен чектелген тилке;
- Алтын Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасы конуштары.

«Бишкексууканал» ишкана тургундарды жана ишканаларды ичүүчү суу камдап алууга чакырды. Пландуу жана авариялык өчүрүүлөр тууралуу маалыматтарды «Менин шаарым» тиркемеси аркылуу алууга болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом