Кыргызстанда Голливуддун катышуусунда тартыла турган тасманын сценарийи даяр болдуКыргызстан Пакистанга төө буурчак экспорттоону караштыруудаКыргызстанда Голливуддун катышуусунда тартыла турган тасманын сценарийи даяр болдуЛенинград блокадасынын башталышына 85 жыл: Бишкекте митинг-реквием өттүБишкекте үч эм жарык дүйнөгө келдиЖайлоодогу Голливуд: Дон «Ажыдаар» Уилсон, Бай Лин жана Кыргызстанда тартыла турган тасмалардын жашыруун сценарийлери
Таласта алдамчылык үчүн 10 жылдан бери издөөдө жүргөн жаран Бишкектен кармалды
04.02.2025 | 11:43
Талас облустук милициясы 10 жылдан бери издөөдө жүргөн жаранды кармады.
Облус милициянын маалыматы боюнча, 2013-жылы августта Кара-Буура районунун тургуну (Д.А.) Манас районунун жашоочусунун “Мерседес-Бенц-230” унаасын 8 миң долларга баалап алып, бирок акчасын бербей качып кеткен.
2015-жылы Кылмыш-жаза кодексинини 166-беренеси (алдамчылык, 1997-жылдагы редакция) менен кылмыш иши козголгон.
Бирок шектүү тергөөгө келбей, изин жашырып жүргөндүгүнө байланыштуу 2015-жылы ноябрда ал издөөгө алынган. Ошондой эле ага камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.
Шектүү (Д.А.) быйыл 1-февралда Бишкек шаарынын кармалып, Таласка жеткирилген.